Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында эпизоотиялык туруктуу абалды жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаардык кеңешинин токтому кабыл алынды. Ага ылайык, үй жаныбарларын багуу жана мал жаюу эрежелери бекитилди.
Токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басарына жүктөлдү. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эрежелердин талаптары бузулган учурда юридикалык жана жеке жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Алдыда биз Бишкек шаарынын аймагында үй жаныбарларын багуунун жана мал жаюунун эрежелери тууралуу кеңири токтолобуз.

Жаныбарларды жана канаттууларды багуу үчүн жалпы талаптар:
- Мыйзамдардагы ветеринардык-санитардык жана башка талаптарды, ошондой эле ушул эрежелерди сактаган шартта гана жаныбарларды жана канаттууларды багууга уруксат берилет;
- бир нече үй-бүлө жашаган батирлерде (турак жай имараттарында) жаныбарларды жана канаттууларды ошол үй-бүлөлөрдүн бардык жашы жеткен мүчөлөрүнүн макулдугу менен, жашоочулардын медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок болгон учурда гана күтүүгө болот;
- жаныбарлардын жана канаттуулардын ээлери, аларды каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
Эмнелерге тыюу салынат?
- жаныбарларды жана канаттууларды ага оору жана (же) азап келтирүү максатында кыйноо жана катаал мамиле жасоо, ошондой эле бейбаштык же ач көздүк мотивдери менен анын өлүмүнө, майып болушуна алып келген кыйноо көрсөтүүгө;
- жеке адамдардын тиешелүү уруксаты жок уулуу жана жырткыч жаныбарларды жана канаттууларды багуусуна;
- жаныбарларды жана канаттууларды фонтандардын, суу түтүктөрүнүн жанында, бассейндерде, көлдөрдө жана башка жалпы пайдалануучу жерлерде сугарууга жана жууга;
- коомдук тамактануу, соода, турмуш-тиричилик тейлөө ишканаларынын имараттарында, көчөлөрдө, газондордо, балдар ойноочу аянтчаларда, пляждарда, скверлерде, парктарда жана жарандардын коомдук пайдалануусу жана эс алуусу үчүн башка жерлерде жаныбарларды жана канаттууларды багуу, сейилдетүү жана жайытка коюуга;
- муниципалдык администрациялардын жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз жаныбарлар жана канаттуулар жарманкелерин, көргөзмөлөрүн, аукциондорду, сатып алуу-сатууларды өткөрүүгө;
- жаныбарлар жана канаттуулар менен ырайымсыз мамиле жасоого жол берилген оюн-зоок иш-чараларын (уруштарды) уюштуруу, өткөрүү жана аны жайылтууга;
- өзүн-өзү коргоо же башка муктаждыктар болбосо адамдарга же башка жаныбарларга каршы салууга (кол салууга мажбурлоого).
- кошуналардын макулдугу менен, эгерде асыл тукум питомниги катары каттоодон өтсө же жаныбарлар ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кинологиялык (фенологиялык) уюмда колдонуучу (аңчылык, кызматтык) катары катталса, ушул Эрежелердин 15-пунктунун 1-пунктчасында аныкталган аймактын чегинен тышкары, өндүрүмсүз жаныбарлардын көптөгөн санын багууга жол берилет.
- жарандардын ден соолугуна же мүлкүнө жаныбарлардан жана канаттуулардан келтирилген зыяндын орду мыйзамдарга ылайык толтурулат.

Өндүрүмдүү жаныбарларды жана канаттууларды багуу эрежелери:
- Жаныбарлардын жана канаттуулардын ээлери, ишканалар жана уюмдар уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттүү:
- жаныбарларды жана канаттууларды мектептерден, мектепке чейинки жана дарылоо мекемелеринен, соода ишканаларынан, коомдук тамактануу жайларынан 50 метр алыстыкта, ошондой эле коңшу турак үйдүн жакын жайгашкан терезелеринен жана эшиктеринен 15 метрден жакын эмес аралыкта атайын жабдылган жабык имараттарда кармоого;
- мезгил-мезгили менен дубалдарды актоого, терезелерди жана эшиктерди жазгы-жайкы мезгилге тордоого жана 10 күндө бир жолу өндүрүмдүү жаныбарлар жана канаттуулар багылган жайларды профилактикалык дезинфекциялоого жана дезинсекциялоого, жайларды күн сайын механикалык тазалоого жана жууп турууга;
- кыкты жана тезекти сактоочу жайларды жабдууга. Кыкты убактылуу сактоочу жайлар коңшу турак үйдүн жакын жайгашкан терезелеринен жана эшиктеринен кеминен 15 метр алыстыкта жайгашып, бетондолгон аянтчасы болушу керек же кык атайын контейнерлерде сакталып, жумасына эки жолудан кем эмес санитардык полигонго чыгарып туруу тийиштүү;
- Ветеринария жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жаныбарлардын жана канаттуулардын ооруларынын пайда болушун жана жайылышын алдын алууга багытталган пландуу жана пландан тышкары дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө.
Бишкек шаарында жеке короолордун аймагында өндүрүмдүү жаныбарларын жана канаттууларды төмөнкү санда жайытка чыгарбастан кармоого уруксат берилет:
- бир жылдык куракта төлү менен эки уй же бордолуучу эки букачар;
- 3 айга чейинки куракта торопою менен бир чочко же бордолуучу эки баш чочко;
- 6 айга чейинки курактагы төлү менен он баш кой;
- 6 айга чейинки төлү менен беш чоң түлкү;
- 6 айга чейинки төлү менен он норка, коён, нутрия;
- канаттуулар (тоок, өрдөк, каз, үндүк) 50 башка чейин, 2 айлык куракка чейин 300 баш жөжө.
- өндүрүмдүү мал жаныбарларын жаюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү жайыт билеттеринин негизинде мал жаюу үчүн жайыттарда жүргүзүлөт.
Бишкек шаарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өндүрүмдүү жаныбарларды, канаттууларды шаардын төмөнкү чектеринде кармоого:
түндүк тарабынан – Чоң Чүй каналынын түштүк бөлүгү;
түштүк тарабынан – А.Масалиев-А.Токомбаев көчөлөрү;
чыгыш тарабынан – М.Ауэзов көчөсү;
батыш тарабынан – Б. Алыкулов көчөсү;
- көп кабаттуу үйлөрдө, жалпы пайдалануудагы короолордо, дарылоо (декоративдүү жана экспериментке алынуучу жаныбарлар үчүн мекемелерди жана виварий мекемелерин кошпогондо), балдарга арналган жана башка мекемелерде, ошондой эле коомдук тамактануу жана соода ишканаларынын аймагында өндүрүмдүү жаныбарларын жана канаттууларды багууга;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз жана союш жайларынан тышкары өндүрүмдүү малдарды жана канаттууларды массалык түрдө союуга.

Иттерди жана мышыктарды күтүүнүн эрежелери Бишкек шаарында төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- көп батирлүү үйлөрдө иттерди жана мышыктарды күтүүгө:
- 2 айга чейинки куракта төлү менен бир ит;
- 3 айга чейинки куракта төлү менен эки мышык.
- жеке короолордо иттерди жана мышыктарды күтүүгө:
- 3 айга чейинки куракта төлү менен үч ит;
- 3 айга чейинки куракта төлү менен үч мышык.
Ээлери эмне кылганга милдеттүү?
- иттерди жана мышыктарды багып алууда, аларды каттоодон өткөрүүгө;
- иттерди жана мышыктарды багууда жана сейилдетүүдө ветеринардык-санитардык ченемдерди сактоого;
- иттерди жана мышыктарды шаардык ветеринардык дарылоо жайларына жана жеке ветеринардык дарыгерлерге кутурмага каршы жылына бир жолу, нускамага ылайык чумага каршы эмдөөгө жана жылына төрт жолу лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү менен эхинококкозго каршы дегельминтизациялоого;
- иттерди сейилге чыгарууда айланадагылардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга;
- дүкөнгө же башка мекемеге киргенде, итти чакан боодо байлап жана тумшук кап кийгизип кыска убакытка гана калтырууга;
- ит менен көчөнү кесип өтүүдө жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө иттин өлүмүн алдын алып, аны кыска боо же моюнтукта алып жүрүүгө;
- иттерди 12 жаштан кем эмес курактагы адамдардын коштоосунда атайын бөлүнгөн жерлерде тумшук кап кийгизип (декоративдик иттерден тышкары) жана кыска боодо сейилдетүүгө;
- сейилдөөгө чыгарууда иттердин жана мышыктардын экскременттерин чогултуу үчүн жанына пакет алып жүрүүгө жана заңдаган учурда аларды тез арада тазалоого;
- көп кабаттуу үйлөрдүн турак жайларында жана иттерди, мышыктарды сейилдетүүдө саат 23:00дөн 07:00гө чейин тынчтыкты камсыз кылууга;
- жеке үйдүн аймагында иттерди жана мышыктарды баккан үй ээси жаныбарлардын качып кетүүсүнө жол бербей турган ишенимдүү тосмону же вольерди камсыздоого;
- иттерди короодо бекем байлап, алардын качып кетишине жана адамдарды же жаныбарларды каап алуусуна жол бербеген шартта багууга. Участокко кире бериште ит бар экендиги жөнүндө эскертүү жазуусунун болушуна;
- иттердин (мышыктардын) оорулары, алардын адамдарды же жаныбарларды тиштеп алгандыгы жөнүндө жашаган жери боюнча ветеринардык мекемелерге жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирүүгө;
- иттер жана мышыктар өлүп калган учурда өлүктөрдү санитардык тазалоо боюнча ыйгарым укуктуу органга тапшырууга;
- жаныбарды, алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык багууга, аларга жакшы мамиле жасоого, кароосуз, тамак-ашсыз жана суусуз калтырбоого, уруп-сокпоого жана ооруу учурунда өз убагында ветеринардык жардамга кайрылууга.
Ээлерине төмөнкүлөр тыюу салынат:
- иттерди ээсинин көзөмөлүсүз кое берүүгө;
- иттерди жана мышыктарды коомдук тамактануу, соода жана тиричилик жаатындагы тейлөө ишканаларынын имараттарында, сейил бактардын, гүл бакчалардын, базарлардын, көл жээктеринин, балдар үчүн оюн аянтчаларынын аймактарында жана башка коомдук пайдалануудагы орундарда багууга жана сейилге алып чыгууга;
- жатаканаларда, чакан үй-бүлөлөр үчүн жатаканаларда жана мейманкана тибиндеги жалпы кире бериши жана чыга бериши менен батирлерде иттерди жана мышыктарды кармоого;
- коңшуларынын медициналык каршы көрсөтмөлөрү болгон учурларда (аллергия ж.б.) иттерди жана мышыктарды көп кабаттуу үйлөрдө кармоого;
- жол көрсөтүүгө үйрөтүлгөн иттерден башка иттерди коомдук транспортто, лифттерде алып жүрүүгө;
- мас абалда иттерди сейилге чыгарууга;
- кароосуз калган иттерди жана мышыктардын азыктануу базасын түзбөө, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирбөө жана кароосуз калган жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө максатында аларды азыктандырууга;
- иттерди жана мышыктарды, ошондой эле алардын төлдөрүн шаардын көчөлөрүнө ыргытууга;
- иттерди (мамлекеттик мекемелерге таандык функционалдык багыттагы иттерден башка) согуш максаттары үчүн үйрөтүүгө.