Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бишкектин Гоголь көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-сентябрдан тартып Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Буга чейин аталган тилкеде "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы бул жерде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларды оңдоо жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган.
Айдоочуларга жана шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.