Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкекте 680 сомдон эт саткан фудтрактардын жайгашкан даректерин жарыялады.
Маалыматка ылайык, алар “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган.
- Аламүдүн-1 конушу, Сагымбай манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- Көк-Жар кичи району, 3/1 (жанындагы унаа токтотуучу жай);
- 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши ("Глобус" гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши ("Берекет Универсал" базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- Туңгуч кичи району ("Глобус" гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- "Орто-Сай" базары ("Оберон" унаа токтотуучу жайы);
- Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши ("Глобус" гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Ленин көчөсү, 135;
- Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү ("Глобус" гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.