Бишкекте электрондук коммерция боюнча эл аралык форум өттү

Министрлер кабинети 30 Октябрь 2025 16:10
6902ed81c712d-thumb.jpg
6902ed7e870a0-thumb.jpg
6902ed7e87291-thumb.jpg
6902ed7f5d1b3-thumb.jpg
6902ed7f06db3-thumb.jpg
6902ed809ec35-thumb.jpg
6902ed822e749-thumb.jpg
6902ed80004bb-thumb.jpg
6902ed8229720-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6902ed81c712d-thumb.jpg
6902ed7e870a0-thumb.jpg
6902ed7e87291-thumb.jpg
6902ed7f5d1b3-thumb.jpg
6902ed7f06db3-thumb.jpg
6902ed809ec35-thumb.jpg
6902ed822e749-thumb.jpg
6902ed80004bb-thumb.jpg
6902ed8229720-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» электрондук коммерция боюнча эл аралык форумунун ишине катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн белгиледи, ал экономикалык өнүгүүгө, анын ичинде инвестициялык ишмердүүлүккө күчтүү түрткү берет, экономикада олуттуу структуралык өзгөрүүлөрдүн себеби болуп саналат.

«Кыргыз Республикасы үчүн электрондук соода жөн гана жаңы сектор эмес, экономикалык өсүштүн жана аймактык жана глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоонун күчтүү куралы болуп калды. Акыркы жылдары биз онлайн-сатуулардын, санариптик төлөмдөрдүн тез өсүшүн, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн электрондук экономикага катышууну жеткиликтүү кылган логистикалык жана финансылык инфраструктуранын өнүгүшүн байкап жатабыз», - деди ал.

Адылбек Касымалиев 2025-жылы электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү болжол менен 525 млн долларды түзөрүн, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 15%га жакын болгонун билдирди. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында онлайн сатып алуулар 1 млнго жакын транзакцияны түзүп, суммасы 1,7 млрд сомго жакын болду, көлөмү боюнча өсүш өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 56%ды түздү.

Министрлер кабинетинин башчысы электрондук коммерция паркы иштелип жатканын белгиледи. Бул электрондук коммерция ишкерлерин колдоо, санариптик инфраструктураны жана логистиканы түзүү аянтчасы. Жеңилдетилген салык жана укуктук база киргизилди: мисалы, жүгүртүүдөн 2% атайын салык режими, электрондук коммерциянын катышуучулары үчүн КНСтен, киреше салыгынан жана сатуудан салыктан бошотуу. Трансчек аралык сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.