Бишкекте Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форуму өтүүдө

Экономика 27 февраль 2025 10:39
935bb79d-3b7d-47f1-84b9-a974f949e552.jpg
4ec38b7d-c887-42cb-9741-3c7e12d1c388.jpg
15e4150a-4110-4d2b-995f-9cbc31fee927.jpg
26ec6d70-4f79-453a-a21b-d0ebe1613479.jpg
2723a00c-55a7-42f0-9de3-17b6d417ed0c.jpg
ac325a8b-b988-40ec-ae58-a0b53b06701e.jpg
ad48273a-04d1-4fa4-9a50-853d8aa245af.jpg
Алдыга
Артка
935bb79d-3b7d-47f1-84b9-a974f949e552.jpg
4ec38b7d-c887-42cb-9741-3c7e12d1c388.jpg
15e4150a-4110-4d2b-995f-9cbc31fee927.jpg
26ec6d70-4f79-453a-a21b-d0ebe1613479.jpg
2723a00c-55a7-42f0-9de3-17b6d417ed0c.jpg
ac325a8b-b988-40ec-ae58-a0b53b06701e.jpg
ad48273a-04d1-4fa4-9a50-853d8aa245af.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Айпери Кожоева

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен уюштурулган Digital Kyrgyzstan III эл аралык ПЛАС-форуму өтүүдө.

Иш-чара мамлекеттик сектордун, бизнестин, жөнгө салуучу органдардын, банктардын, финтех компанияларынын, санариптик трансформация чечимдеринин провайдерлеринин алдыңкы өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Форумга ошондой эле санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов, Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров, “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимжанов жана башка жооптуу кызматкерлер катышууда.

Форумдун негизги максаты – санариптештирүүнүн негизги маселелерин талкуулоо, мамлекеттик түзүмдөрдүн, каржы секторунун, соода ритейлинин, IT жана телеком-индустриянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу.

Форум төмөнкү темаларды камтыйт:

  • Кыргызстан жана санариптик коом;
  • eGOV жана G2C;
  • креативдик экономика;
  • санариптик банкинг жана финтех;
  • төлөм бизнеси;
  • киберкоопсуздук;
  • криптовалюталар жана блокчейн ;
  • электрондук коммерция жана оффлайн чекене соода;
  • техникадагы аялдар;
  • AI, ChatGPT;
  • банктык өзүн өзү тейлөө;
  • биометрика;
  • исламдык каржылоо.

Digital Kyrgyzstan ПЛАС-форуму санариптик доордо өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо турган тажрыйба алмашуу жана келечектүү демилгелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болууну убада кылууда.