Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Борбор калаада дем алыш күндөрү шаар тургундарынын тынчын алган курулуш фирмасынын жумушу токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ишеним номуруна шаар тургундарынан дем алыш күндөрү эс алууга тынчтык бербей курулуш фирмалары иштеп жатат деген даттануу келип түшкөн.
Бул даттануу боюнча окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери барып, жумушчуларга шаар тургундарынын кайрылууларын жеткирип, дем алыш күндөрү тынчтыкты камсыздоо максатында курулуш жумуштарын убактылуу токтотушту.
«Урматтуу жарандар эгерде көчөлөрдөн мына ушундай терс көрүнүштөргө күбө болсоңуз 0777 102-102 ЖКККББнын ишеним ватсап номуруна жөнөтүп койсоңуз болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин "Тынчтык жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.