Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бишкекте киберкоопсуздуктун стратегиялык өнүгүүсүнө жана бул жааттагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө арналган CYBER KÜN 2025 конференциясы өттү.
Иш-чара TSARKA Kyrgyzstan компаниясы тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде Fortinet, E-Governance Academy жана Digital Resilience Association`тин.колдоосу менен уюштурулган.
Конференция кибер алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө жана мамлекеттик органдардын да, жеке адамдардын да туш болгон каржылык тобокелдигине жооп катары өткөрүлүүдө. Иш-чара натыйжалуу коргоо механизмдерин иштеп чыгуу жана өлкөнүн санариптик туруктуулугун илгерилетүү максатын көздөйт.
Конференцияда Эстониянын Мамлекеттик маалыматтык системаларды көзөмөлдөө органынын жетекчиси Илмар Тоом сөз сүйлөдү. Анын иш-чарага катышуусу өзгөчө маанилүү, анткени Эстония электрондук өкмөт жана киберкоопсуздук боюнча дүйнөлүк лидер катары таанылган.
“Бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да киберкоопсуздук жөнүндө тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук стандарттары боюнча ойлонсо болот”, - деп белгиледи Илмар Тоом.
Ал ошондой эле стандарттар ишеним сезимин камсыз кылып, окуя коркунучун азайтып, туруктуулукка салым кошорун кошумчалады. Бул тармактагы иш өзүнчө долбоор эмес, процесс болуп саналат.
Илмар Тоом белгилегендей, “негиздерге кайтуу” жана жаңы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти курал катары кароо зарыл. Эгерде биз киберкоопсуздук менен алектенген командалар жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар бул куралдарды дал ушул маанайда колдонушу керек.
"Жөнөкөй мисалды карап көрөлү, жасалма интеллект жана бычак. Бычакты жакшыга да, жаманга да колдонсо болот. Ошол эле учурда жасалма интеллект да ушундай", — деп түшүндүрдү Илмар Тоо.
Мындан тышкары, ал критикалык объектилер компьютердик технологиялар менен башкарылгандыктан, жасалма интеллект колдонулган чабуул болсо, жасалма интеллект колдонгон коргонуу технологиялардын пайдалануу туура болот. Мисалы, бир кадам алдыда боло турган чабуулчулардын аракеттерин алдын ала көрүү керек.
"Биз киберкоопсуздук жөнүндө сөз болгондо, бүт дүйнө бир өлкө экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан ар кандай эл аралык уюмдардын ортосунда онлайн жана реалдуу убакыт режиминде тыгыз кызматташуу абдан маанилүү", - деп баса белгиледи ал.