Бишкекте БУУнун Алкактык программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

Министрлер кабинети 12 Июнь 2025 09:40
68499c65c6210-thumb.jpeg
68499c5a6cacf-thumb.jpeg
68499c5c78e57-thumb.jpeg
68499c5e3d300-thumb.jpeg
68499c5fd7f73-thumb.jpeg
68499c50b5a01-thumb.jpeg
68499c53e5dd5-thumb.jpeg
68499c56d87f6-thumb.jpeg
68499c57f398a-thumb.jpeg
68499c58f2185-thumb.jpeg
68499c510df74-thumb.jpeg
68499c5353bc4-thumb.jpeg
68499c5766e56-thumb.jpeg
68499c52525c7-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68499c65c6210-thumb.jpeg
68499c5a6cacf-thumb.jpeg
68499c5c78e57-thumb.jpeg
68499c5e3d300-thumb.jpeg
68499c5fd7f73-thumb.jpeg
68499c50b5a01-thumb.jpeg
68499c53e5dd5-thumb.jpeg
68499c56d87f6-thumb.jpeg
68499c57f398a-thumb.jpeg
68499c58f2185-thumb.jpeg
68499c510df74-thumb.jpeg
68499c5353bc4-thumb.jpeg
68499c5766e56-thumb.jpeg
68499c52525c7-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында БУУнун 2023–2027-жылдарга Кыргызстандагы Туруктуу өнүктүрүүнүн алкактарын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитеттин жыйыны болуп өттү.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Министрлер кабинети БУУнун системасы менен тыгыз өнөктөштүктө өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негиздерин чыңдоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. 2022-жылдын июнь айында кол коюлган кызматташтык алкагы Кыргыз Республикасы менен БУУ тутумунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги инструменти болуп саналат.

Минкаб төрагасы ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп, акыркы үч жылда экономиканын өсүшү 9,0%ды, ал эми 2025-жылдын январь-апрель айларында 11,7%ды түзгөнүн белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында негизги капиталга инвестициянын көлөмү 62,0%га өстү.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына өзгөчө көңүл бурду, анда анын айтымында, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктары жана өнүгүү максаттары аныкталган.

Программада белгиленген максаттарга 2030-жылга карата калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жогорулатуу, ИДПнын көлөмүн кеминде 30 млрд долларга чейин жогорулатуу, ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8% камсыз кылуу, ТӨМгө жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү, Адамдын өнүгүү индексинин рейтинги боюнча позициясын жакшыртуу кирет.

Бул максаттарга жетүү үчүн, Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, алдыңкы технологияларды жигердүү киргизүү жана инвестицияларды тартуу, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде БУУнун тутумунун мындан аркы колдоосу зарыл.

Отурумдун жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуу алкактарын ишке ашыруунун жүрүшү жана жакынкы келечектеги пландар боюнча баяндамалар угулду.