Бишкекте Business Run 2026 жарышы өттү

Спорт 1816 27 Апрель 2026 17:55
1777186043.jpg
1777186028.jpg
1777186024.jpg
1777186019.jpg
1777186001.jpg
1777185992.jpg
1777185985.jpg
1777185944.jpg
Алдыга
Артка
1777186043.jpg
1777186028.jpg
1777186024.jpg
1777186019.jpg
1777186001.jpg
1777185992.jpg
1777185985.jpg
1777185944.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Адинай сейил багында Business Run 2026 корпоративдик спорттук жарышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарышка ар кандай компания жана уюмдардын командалары катышты.

Иш-чара корпоративдик спортту өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жайылтуу, командалык дух жана өнөктөштүктү чыңдоо максатын көздөдү.

Мэр Айбек Жунушалиев мындай демилгелердин шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдө жана бизнес менен коомчулуктун өз ара кызматташуусун чыңдоодогу маанисин белгиледи.

“Мындай иш-чаралар бизнес өкүлдөрүнүн шаар инфраструктурасын, анын ичинде спорт тармагын өнүктүрүүгө кызыгуусу өсүп жатканын көрсөтөт. Жыл сайын катышуучулардын саны көбөйүп, жарыштын масштабы кеңейүүдө. Бардык шаар тургундарын ушундай демилгелерге активдүү катышууга чакырам, шаарды бирге өнүктүрүп, дени сак коом түзөлү”, — деп белгиледи шаар жетекчиси.

Жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери сыйланды.

Иш-чара Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурду.