Бишкекте Борбор Азия жана Кореянын аналитикалык борборлорунун форуму өтөт — Кабар

Бишкекте Борбор Азия жана Кореянын аналитикалык борборлорунун форуму өтөт

Саясат 14 июнь 2025 12:51
1000238730.jpg
1000238728.jpg
1000238726.jpg
Алдыга
Артка
1000238730.jpg
1000238728.jpg
1000238726.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров "Борбор Азия – Корея" кызматташтык форумунун катчылыгынын аткаруучу директору Ри Джонг Кук менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, кореялык конок Борбор Азия жана Кореянын аналитикалык борборлорунун II форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык, туризм жана башка чөйрөлөрдө кызматташуунун абалын жана келечегин, ошондой эле адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана программаларды жана инновацияларга дем берүү чараларын талкуулашты.

Медер Абакиров аналитикалык борборлордун форумунун Борбор Азия менен Кореянын ортосундагы диалогду жана эксперттик пикир алмашууну бекемдөөнүн маанилүү механизми катары баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Медер Абакиров тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан Ри Джонг Кукка Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.