Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер министрлигинин департаментинин башкы директору Томас Мюльманндын катышуусунда саясий консультациялар өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда Кыргызстан менен Австрия ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар гидроэнергетика, туризм, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, тоо-кен өнөр жайы жана санариптештирүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Ошондой эле саясий диалогду чыңдоо, консулдук жана миграциялык кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алышты.