Бишкекте Борбор Азия жана Индияда коопсуздукту чыңдоо маселеси талкууланды

Тышкы саясат 16 октябрь 2025 16:15
565191385_1368939621907335_8320915149616020949_n.jpg
561620475_1368939658573998_4319103437240459881_n.jpg
561716248_1368939668573997_482198020270282201_n.jpg
565799795_1368939541907343_1448611251413131884_n.jpg
560567773_1368939615240669_4219586228265105560_n.jpg
561143959_1368939595240671_978983785295183033_n.jpg
561226752_1368939545240676_4085987106062683916_n.jpg
561302031_1368939591907338_1569524365743724296_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу өттү.

Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун негизги маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө бул жолугушуу үчүн абалды баалоодогу жана чөлкөмдүк жана улуттук коопсуздуктун абалына болгон чакырыктардын жана коркунучтардын таасиринин даражасындагы окшоштук эң баалуу экенин белгиледи.

Заманбап эл аралык саясий жагдайлар көп жагынан натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана жемиштүү кызматташуу үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат. Ишенимдин кеңири жоголушу, санкциялык кысым жана геосаясий атаандаштык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жайлатат.

Буга жооп катары, коопсуздуктун жана туруктуулуктун бекем пайдубалында туруп, стратегиялык көз караш жана активдүү дипломатия экономикалык жана маданий байланыштарды тереңдетүү үчүн зарыл болгон куралдар болуп калышы мүмкүн.

Кызматташтык ар тараптуу мүнөздө болушу керек. Ал аскердик жана укук коргоо компоненттерин гана эмес, маданий өз ара аракеттенүүнү, гуманитардык алмашууларды, билим берүү программаларын кеңейтүүнү жана илим жана технология жаатындагы биргелешкен демилгелерди да камтышы зарыл.