Бишкекте бийиктиктен кулаган баланын абалы оор – дарыгер

Кырсык 166 12 Август 2026 14:30
5b9d1dad-8315-42b8-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бишкекте "Вефа" соода борборунда бийиктиктен кулап кеткен бала учурда оор абалда, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Анын айтымында, бала баш мээсинен жаракат алган.

Эске салсак, 11-августта саат 22:00 чамасында Бишкек ШИИББдин "102" кызматына №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган, 2021-жылы туулган бала жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Кабар" агенттигине билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча, бала Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан "Вефа" соода борборунда бийиктиктен кулап, жаракат алган.

Бул факт каттоого алынып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен колдонуудагы мыйзамдарындын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат.