Бишкекте балдардын укугун коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Министрлер кабинети Загрузка... 09 Апрель 2025 16:10
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы Башкы прокуратура менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.

Жыйын Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын, Башкы прокуратуранын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйындын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү, коопсуз жана жөлөк болуучу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ведомстволор аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Асел Чынбаева аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгына көңүл бурду.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын – мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын жана жергиликтүү жамааттардын, өнөктөштөрдүн системалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында күч-аракеттерди координациялоону күчөтүүгө жана жашы жете электердин укуктарын бузуу фактылары боюнча чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар жана практикалык сунуштамалар иштелип чыкты.