Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. 17-майда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тышкы иштер министрлиги Бишкекте Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин уюштурду.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Жээнбек Кулубаев, Кыргызстанда аккредиттелген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын он бештен ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле Ардактуу консулдар клубунун мүчөлөрү катышты.
Жарманкеге келгендер ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук тамак-аштарынан даам татты. Ал эми кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган өзгөчө буюмдар, оригиналдуу белектер жана маданияттык ар түрдүүлүктү чагылдырган башка өнүмдөр кыташуучулардын өзгөчө кызыгуусуна ээ болду.
Ошондой эле коноктор үчүн мазмундуу концерттик программа уюштурулуп, анда кыргыз эстрадасынын жылдыздары, чет элдик аткаруучулар жана балдардын чыгармачылык жамааттарынан чыккан жаш таланттар дүйнө элдеринин музыкалык жана бий номерлерин тартуулашты.
Жыл сайын өткөрүлүп келген дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси достук байланыштарды бекемдөөгө жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында чогулган бардык каражаттар Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жардам катары багытталат.