Бишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 20 август 2026 09:10
Бишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-августта Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн (азыркы Шабдан баатыр көчөсү) Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Мэрия шаар тургундары жана конокторун жол каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү айланма жолдорду тандоону белгилейт.