Бишкекте аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган программа башталды

Коом Загрузка... 27 Март 2025 17:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Бишкекте аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө арналган программа башталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, бул 5 айлык билим берүү курсу аялдардын лидерлик компетенцияларын жогорулатууга багытталган, ошондой эле саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, гендердик теңдикти илгерилетүүгө жана башкаруучу кызматтарда аялдардын санынын көбөйүшүнө көмөктөшөт.

Программаны Саламаттык сактоо министрлиги Германиянын өкмөтүнүн атынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте уюштурган. Окууга 25 адам катышууда. Алардын арасында Акушерлер ассоциациясы, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институту, Чүй облустук жалпы врачтык практика борбору жана Ош шаарындагы ”Семей” медицина борбору бар.

Долбоордун негизги максаты – медициналык кызматтарды ийгиликтүү башкарууга жана жогорулатууга жөндөмдүү, өзүнө ишенген жана компетенттүү аял-лидерлерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Программа өзүнө алты модулду камтыйт. Алар очок жана онлайн окуу форматтарын айкалыштырат. Мындай ыкма катышуучулардын теорияны практикалык көнүгүүлөр, ролдук оюндар жана талкуулар менен айкалыштыруусуна шарт түзөт.

Программанын негизги милдеттери аялдардын карьерасындагы тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу; башкаруу жана лидерлик компетенцияларын өнүктүрүү; менторлук жана коучинг маданиятын илгерилетүү; өзүнө болгон ишенимдерин жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү болуп саналат.

Программа лидерликтин жаңы ыкмаларын түзүүгө, жеке баалуулуктарды аңдоого жана чектөөчү ишенимдерди жеңүүгө багытталган. Катышуучулар саламаттык сактоо системасында ишенимдүү лидерлер болушу үчүн зарыл болгон жөндөмдөрдү алышат. Бул аялдардын жеке жана кесиптик өсүшүнө гана эмес, өлкөдөгү медициналык кызмат көрсөтүүгө да оң таасирин тийгизет.

Саламаттык сактоо эксперттери мындай программалардын тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Уюштуруучулардын пикиринде, бул билим берүү курсу Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында аялдар-лидерлердин күчтүү коомун түзүүнүн башталышына айланат.

"Программа билим берүү долбоорунан сырткары, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасында аялдардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган күчтүү курал болот", - деп айтылат билдирүүдө.