Бишкекте автокран оодарылып кеткен. Курулуш компаниясына айып салынды

Коом Загрузка... 08 Май 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-05-08 at 13.34.22.jpeg
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектисинде оодарылган автокран боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-майда Матыев көчөсү 21, 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда жүк көтөрүүчү техника - автокран өндүрүштүк жумуштарды аткарып жаткан маалда оодарылып кеткен.

Окуя катталары менен адистер кырсыктын келип чыгуу себептерин тактаган. Белгиленгендей, курулуш объектисинде техникалык коопсуздук талаптары толук сакталган эмес. Кырсыкта электр зымдары үзүлгөн, бирок эч ким жабыркаган жок.

Жыйынтыгында, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кап Град Кейджи” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, объектини толугу менен калыбына келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.