Бишкекте “Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлө” эстафетасы өттү

Спорт Загрузка... 09 Январь 2026 16:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.01.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунда үй-бүлөлөр арасында “Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлө” аттуу райондук спартакиада өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 7 үй-бүлө катышты. Командалардын курамына ата-энелер жана 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кирди. Алар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты: улуттук оюн “үч тапан чүкө”, топ менен чуркоо, аркан менен секирүү, таякча менен эстафета, аркан тартыш, мык кагуу жана кап менен секирүү.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор, ошондой эле баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мэриядан белгилешкендей, бул спартакиада Бишкек шаарынын бардык төрт районунда жыл сайын өткөрүлөт. Райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча мыкты командалар шаардык этапка жолдомо алып, жеңиш үчүн күрөштү улантат.