Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкекте айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча окуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында коомдук транспорттордун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталып, 50 жаран жаракаттарды алып, 1 жаран көз жумган.
"Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу коомдук транспорттордун катышуусундагы жол кырсыгы жогору болуп жаткандыктан Бишкек шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочуларына рейддик иш-чаралардан сырткары жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча теориялык окуу семинары да өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Семинарга башкармалыктын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Аким уулу Мирлан, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Авазбек Досов жана авточарбалардын жетекчилери менен айдоочулары катышты.
Анда айдоочуларга жол эрежесинде көрсөтүлгөн талаптар эскертилип, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери камтыган видео тасмалар көрсөтүлүп, жүргүнчүлөр менен жүрүүдө ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкелерге чыкпоо, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө аялдамаларда гана токтоо, унаа башкаруу учурунда уюлдук телефонго алагды болбоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү жана жеткирүү иштери жүргүзүлдү.