Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Бишкекте Улуттук илимдер академиясында “Жолдун башталышы” аттуу илимий форум өттү. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынан билдиришти.
Уюштуруучулардын маалыматында белгилегендей, иш-чарада атактуу эл чет элдик окумуштуулар, палеонтолог, биолог, археологдор адамдын жаралышы жана өнүгүшү жөнүндө айтып беришип, байыркы кишилердин баш мээсинин сөөгүн көрсөтүштү.
Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин профессору, биология илимдеринин доктору Александр Марков адамзаттын өнүгүшүн, антропогенездин негизги этаптарын жана интеллект менен коомдук уюмдун эволюциясын баяндап берди.
“Илим жана таанып-билүү бизди адам кылат. Адамдар канчалык көптү билсе, алар ошончолук жакшы жана гумандуу болушат. Биз билим, муундардын тажрыйбасы жана эволюция жөндөмү менен айырмаланабыз. Бул биздин башка бардык жаныбарлардан негизги эволюциялык айырмачылыгыбыз”, - деди Марков.
Антрополог, илимий журналист Ян Рыбак неандертальдыктар, денисовалыктар жана Homo тукумунун башка түрлөрү боюнча акыркы маалыматтар менен бөлүштү.
Россиялык археолог, тарых илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Мария Медникованын айтымында, археологиялык табылгалар байыркы адамдардын жашоо образын, ден соолугун жана маданий тажрыйбаларын түзүүгө көмөк берет.
Форум B.A.S.E³ Labs демилгеси, Жогорку технологиялар паркы жана Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын уюштуруучусу Чыңгыз Арзиев заманбап цивилизацияда илимдин жана окумуштуулардын аркасында көп жетишкендиктер болорун белгиледи.
“Мен шаарыбыздын тургундары кызыгып, суроолорун беришин каалайт элем. Биз бул иш-чараларды түрдүү суроолорго жооп табуу үчүн өткөрүп жатабыз”, - деди ал.
Жогорку технологиялар паркынын коммуникация бөлүмүнүн башчысы Елена Нечаева адамдардын бир түр катары технологияларды кантип жарата алаарын түшүнүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
"Ошондуктан биз үчүн илимий жана билим берүү демилгелерин колдоо - бул өлкөнү алдыга жылдыруучу ой жүгүртүүгө инвестиция", - деди ал.
B.A.S.E³ Labs - бул Кыргызстанда илимди жайылтуу жана популярдуу кылуу демилгеси. Мында илим, блокчейн жана жасалма интеллект тармактарындагы иш-чаралар, анын ичинде эл аралык лекторлордун жана баяндамачылардын катышуусунда форумдар жана илимий лекциялар үзгүлтүксүз уюштурулат.
Жогорку технологиялар паркы - бул IT тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик уюм, экспортко багытталган IT компаниялары үчүн жеңилдетилген салык режимин камсыз кылат.
Ошондой эле парк билим берүүгө жана илимий популярдуулукка системалуу түрдө инвестиция салат, муну адам ресурстарынын өсүшүнүн, жаңы изилдөө долбоорлорунун жана технологиялык стартаптардын пайда болушунун негизи катары көрөт.