Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктун сакталышы жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары каралды. Анда Эдил Байсалов айлана-чөйрөнүн булганышы шаарларда, өзгөчө борбордо таза абага болгон укуктун бузулушу адам укуктары жаатындагы биринчи маселе экенин белгилеп, мамлекеттин, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү талап кылынарын айтты.

Абанын булганышы боюнча экологдор коңгуроо кагып, тиешелүү чараларды көрүү боюнча пикирлерин ортого салып келет. “Кабар” агенттиги эколог Анара Султангазиевадан учурда Бишкек шаарында абанын булганышын азайтуу максатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикирин угуп, кандай натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн боло турганына кызыкты.

Анара Султангазиеванын айтымында, экологдор шаар бийлигине кайрылып, борбор калаанын ичине каттаган кичи автобустарды кескин кыскартууну сунушташкан. Чечкиндүү кадамдарга ылайык, шаарда эми газ менен жүргөн автобустар, электробустар каттап баштады. Бул да алда канча абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
“Бишкек шаарынын ичине каттаган кичи автобустарды шаар сыртына чыгарууну үч жыл кайрылып, суранып жатып чыгарттык. Мына бүгүнкү күндө жүргүнчүлөрдү газ менен жүргөн автобустар, электробустар ташып жатат. Автобустар дагы келет деп айтылууда. Жолдор кеңейип, коомдук транспорт өз жолу менен жүрсө, унаа тыгынында турбай жарандар жете турган жерине кыйынчылыксыз барып калат. Чет өлкөлөрдө ушундай шарттар түзүлгөндүктөн, эл өз унаасы менен эмес коомдук транспорт менен жүрүүгө ыктап калышкан. Бир эле унаа абага 200гө жакын уулуу заттарды бөлүп чыгарат. Эсептөөлөр боюнча, миң адамга 200 эле унаа туура келиши керек. Биз эки жыл муда изилдөө өткөргөндө Бишкекте миң адамга 450 унаа туура келген. 4 жыл мурдагы статистикада Кыргызстанда 1,5 млн унаа бар экени айтылган. Азыр Бишкекте эле унаанын саны 1,5 миллионго жетти. Бишкек мынчалык унаага ылайыкталган эмес. Негизи 500-700 миң унаага гана эсептелген”, - деди ал.

Ошондой эле эле эколог көңүл чордонунда болуп келген Бишкектеги таштанды полигонунун айланасындагы көйгөйгө да токтолду.
“Таштанды полигону өрттөнүп, андан чыккан түтүн шаар ичине чейин жетчү. Полигондогу иштер колго алынгандан бери таштанды өрттөнбөй, жыттанбай калды. Бул дагы жакшы жетишкендик”, - деп белгиледи Анара Султангазиева.

Газдаштыруу маселесинин алкагындагы аткарылып жаткан иштер да адамдардын таза аба менен дем алуусуна көрүлгөн чаралардын бири экенин адис айтып өттү.
“Шаардагы жылуулук отканаларына мурда көмүр жагылчу. Учурда алар да жаратылыш газга өткөрүлүп жатат. Эми ЖЭБде дагы ушундай иштер жүрсө, абанын сапатына олутттуу таасир тийгизип, ыш маселеси азаят. Бишкек шаарына караган жаңы конуштарды да жаратылыш газына өткөрүүгө басым жасалууда. Бул ошол эле кара отунду жагууну кыйла азайтат. Бүгүнкү күндө көмүрдүн майдасын колдонууга тыюу салуу да сунушталууда. Ошондуктан эл көмүр жакпай газга толугу менен өтсө, экологияга байланышкан маселелер акырындан чечиле бештайт”, - деп эсептейт эколог.

Мындан тышкары Анара Султангазиева жашылдандыруу маселеси тууралуу да кеп козгоду. Адистин пикиринде, бир бак үч адамга жете турган кычкылтек чыгарат. Ошондуктан шаар ичине жазы жалбырактуу бактарды көп отургузуу зарыл.
“Сейил бактардын жана гүлбакчалардын санын көбөйтүү керек. Жашылдандырып эле тим болбостон, аларга сууну жеткирүү, өсүп кетүүсүнө шарт түзүү унутта калбашы керек”, - деп кошумчалады Султангазиева.