World Air Quality уюмунун сайтында бүгүн, 9-октябрга карата жарыяланган маалыматка таянсак, Бишкек шаары дүйнө жүзүндөгү 127 ири шаардын ичинен 17-орунду ээледи. Анда абанын сапаты тууралуу индексте борбор калаанын абасынын булганышы 107 көрсөткүчүн көрсөттү. Сайттагы маалыматта Бишкектин абасы "аярлуу катмардагы адамдарга” кооптуу деп баа берилген.
Дүйнөдөгү абасы эң кир делген алдыңкы үчтүккө Пакистандын Лахор шаары, Бахрейндеги Манама, Бангладештеги Дакка шаары кирди. Индекс абанын сапатына жараша саат сайын жаңыланып турат.

Бишкекте абанын булганышы акыркы жылдарда коомчулукту тынчсыздандырууда. Адистер экологиялык маселени чечүү керектигин айтып, коңгуроо кылышууда. Убакыт көрсөткөндөй, жыл сайын абага байланышкан маселе күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда күчөйт.
Абанын булганышын азайтууга кандай аракеттер көрүлүүдө?
Бишкек шаарынын мэриясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, бүгүнкү күндө шаар ичинен дизель менен жүргөн 1500 даана кичи автобус алынган. Алардын ордуна 1523 даана жаратылыш газы менен жүргөн автобус жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Ошондой эле кошумча дагы 120 даана электробус сатып алынган, алардын ичинен 45 даанасы учурда каттамга чыгып жатат. Калган электробустар мамлекеттик номерлерин алгандан кийин ишин баштай тургандыгы белгилүү болду.
Муниципалитет белгилегендей, экологияны жакшыртуу жана абанын таза болушу, унаалардын тыгында турбай бат жүрүшү үчүн борбор калаанын бир катар көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө, буга чейин ондон ашык көчөнүн курулушу бүткөрүлдү.

Эми Бишкектин четиндеги таштанды полигонуна токтолсок, таштандыдан чыккан түтүн да абаны булгап, жакын жайгашкан конуштардын жашоочуларына да кооптуу экени айтылып келген. Учурда ал жерде таштандыны кайра иштетүүчү ири завод пайда болду. Мэр Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” эфиринде белгилегендей, курулушу аяктоо алдында турган таштандыны кайра иштетүүчү заводдо түтүндү тазалоо технологиясына өзгөчө артыкчылык берилди.
“Заводдо таштандыны өрттөгөндө зыяндуу заттар бөлүнүп чыга тургандыктан, түтүн бир нече тазалоо этаптарынан өтөт. Анткени таштанды өрттөлгөндө, бир дагы зыян зат абага чыкпашы керек”, - деди ал.

Бишкек мэринин пикиринде, ышты азайтуу чараларына шаарды газдаштыруу иштери да кирет.
“Борбор калаадагы ыш көйгөйүн чечүү жолдоруна газдаштыруу да кирет. Азыр шаардагы жаңы конуштарды газдаштыруу иштери жүрүүдө. Айрым конуштардын тургундары өздөрү да үйлөрүнө газ киргизүүгө кызыкдар. Бирок, газ киргизген учурда да шаар тургундары газды үй жылытууга колдонбой, тамак-аш жасоого гана пайдаланышууда. Газ менен иштей турган от казандарды көбү колдонушпайт. “Газпром Кыргызстан” менен биргеликте газдаштыруу маселеси каралып, жарандарга газ киргизүү үчүн жеңилдетилген насыялар да берилүүдө. Негизинен Бишкекте күз-кыш жылытуу мезгилинде ыш маселеси келип чыгат. Ошондой эле бир нече кытайлык заводдор менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүп, арзан катализаторлор алып келинип, алардын эффективдүүлүгү каралып жатат”, - дейт Жунушалиев.

“Кабар” агенттигине “Газпром Кыргызстан” компаниясынан маалымдашкандай, Бишкек шаары боюнча жалпы 270 миң абонент бар, алардын ичинен жыл башынан бери 7 миң абонент жаңы кошулган. Бүгүнкү күндө борбор калаанын газдаштыруу деңгээли 71% түзөт.
Жалпысынан компания ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген 11 жылда жалпы узундугу 1400 чакырымдан ашык газ өткөргүчтөрүн курган. Өлкө боюнча 54 жаңы конуш жана калктуу конуштар газ менен камсыздалган. Натыйжада газдаштыруу деңгээли 22%дан 42%га чейин жогорулады. Көгүлтүр отундун жылдык керектөөсү 2,5 эсеге – 210дон 540 млн метр кубга чейин, ал эми абоненттердин саны 291ден 450 миңге чейин өскөн.
Белгилей кетсек, жылытуу мезгилин утурлай быйыл Бишкек менен Чүйгө сорттолгон, байытылган кезек көмүр сатылмай болду. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирген.

“Кара-Кеченин майда көмүрү жакшы күйбөйт. Акылдуу мештерде аба үйлөгөндө ыш көп чыгат. Бишкектеги ышты изилдегенде 40 пайызы жеке турак жайларга тийиштүү экени айтылган. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги жаңы технологиялар менен салынган жаңы блоктон таза ыш чыгат. Алдыда сорттоочу комплекстерди дагы кошобуз. Биздин көмүр 200 сомго кымбатырак болсун, бирок майда көмүр эмес, кезек көмүр жүктөп беребиз. Сорттоочу комплекстерде көмүрдүн майдалары өзүнчө бөлүнөт. Ал Бишкек ЖЭБине жагылат”, - деп белгиледи Маматов.

Шаардагы абанын сапатына бак-дарактардын да таасири чоң. Бүгүнкү күндө “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасына караштуу питомникке шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн 45 миңден ашык дарактын көчөттөрү өстүрүлүүдө. Быйыл борбор калаабызга 15 миңден ашык көчөт отургузуу пландалса, анын 7 миңи жазында отургузулду жана 7-8 миңден ашык көчөттү күзүндө отургузуу мерчемделип жатат.
Абанын булганышын комплекстүү карап, терс таасирлерге каршы иш-аракеттердин жүзөгө ашырылышы маанилүү. География илимдеринин доктору Мирлан Дылдаевдин пикиринде, Бишкекте велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол тилкелери салынууда. Веложолдордун пайда болушу менен шаар тургундары бара турган жерине унааны пайдаланбастан, велосипедге ыкташат. Ошондой эле Мирлан Дылдаев турак жайларды, деги эле имараттарды курууда энергиянын эффективдүүлүгүн арттыра турган технологияларды колдонуу зарыл деген ойдо.

“Жаңы технологияларды күнүмдүк турмушта колдонууну жогорулатуу зарыл. Мисалы, күндүн кубатынан жасалган панелдерди орнотуу менен электр энергиясын алуу да пайдалуу. Ошол эле маалда жашыл зоналардын аянтын кеңейтүү керек. Шаардын четине да жашыл зоналарды куруу зарыл. Анткени бак-дарактар кир абаны тазалоодо фильтр катары кызмат кылат. Абанын булганышына көп факторлор таасир тийгизип жаткандыктан, муну дароо эле чечүүгө болбойт. Чечүү жолдоруна комплекстүү чаралар камтылат. Жаңы курулуштарды мындан ары чет жакка куруу да кеч эмес. Эл көп топтолгон мекемелер, соода борборлор шаар четинде болсо, ошончолук унаа агымы өңдүү маселелер да бир аз да болсо азаят. Ага жараша ошол аймакка турак жайлар жана башка курулуштар салынып кете берет”, - дейт Мирлан Дылдаев.

Эске салсак, буга чейин мэрия Бишкектин аймагына кирген унааларга чектөө киргизүүнү демилгелеген болчу. Адистердин баамында, азыр борбор калаага бир күндө 600-700 миңдей унаа кирип-чыгууда. Шаардын калкынын санына жараша унаалардын саны да кескин түрдө өстү.