Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулууда.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жер астындагы суулардын деңгээли жогору болгондуктан, имараттын пайдубалы свайлык ыкма менен курулган.
Мектептин үч кабаттуу корпусунун курулушу ушул жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бул ыкма социалдык объекттин курулушунда Кыргызстанда алгач ирет колдонулууда.
Маалымат үчүн: Свайлык пайдубал имараттын жүгүн топурактын тереңиндеги бекем катмарларга өткөрүп, анын туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.