Бишкекте 25-апрелде Үчүнчү Дельфи оюндары башталат

Маданият Загрузка... 04 Март 2025 10:40
001.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкекте 25–30-апрель күндөрү Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфи оюндары «Дельфи Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!» ураанынын алдында өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чыгармачыл мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек шаарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 7 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу балдар жана жаштар катышат.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы, мэриянын маданият башкармалыгы жана КР Дельфий комитети тарабынан уюштурулууда.

Дельфий оюндары – бул искусствонун Жогорку форуму катары өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө, маданияттар аралык диалогду чыңдоого, КМШ өлкөлөрүнүн байланышын бекемдөөгө жана жаш маданият ишмерлеринин кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Оюндун программасы 14 конкурс номинациясын, алар элдик, классикалык жана заманбап искусство багыттарын өзүнө камтыйт:

  • классикалык гитара,
  • классикалык бий,
  • көркөм сүрөт искусствосу,
  • эстрадалык ырдоо,
  • элдик ырдоо,
  • көркөм окуу,
  • элдик кылдуу жана урма аспаптар,
  • элдик үйлөмө аспаптар,
  • фотография,
  • мобилография,
  • тележурналистика,
  • кол өнөрчүлүк,
  • Ди-джей,
  • парадельфий номинациясы – «Хореографиялык искусство».