Бишкекте 2024-жылы 6 негизги жол оңдолуп, 785 автобус сатып алынды

Коом 1099 07 Март 2025 11:40
16956417586511709e795d4_middl.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-07_at__AsZWkbg.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-07_at__mhVOjPi.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-07_at_.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. 2024-жылы иш жүзүндө түшкөн киреше 37 млрд 47,2 млн сомду түзүп, план 101,6 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпы шаардык бюджеттик угууда билдирди.

Калаа башчысынын маалыматы боюнча 2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө киреше түшүүлөрдүн өсүү темпи 169,3 пайызды түздү. Бул өткөн жылга караганда 15 млрд 171,0 млн сомго көп.

Ал кошумчалагандай, бюджеттин аткарылышы ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берди:

- 2024-жылы 6 негизги жол оңдолуп, 785 автобус сатып алынды;

- "Ала-Тоо" аянты реконструкцияланды, флагшток жаңыланды, "Алга" спорт комплекси жана башка объектилер оңдолду;

- муниципалдык ишканаларга 222 атайын техника сатып алынган.