Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарынын Жусуп Мамай көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан 20 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында, казылган жердин (котлован) капталдарын бекемдөөчү тирөөч конструкцияларды орнотууда коопсуздук талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.
Ошондой эле котловандын каптал бөлүгү ага коңшу жайгашкан имараттан чыккан саркынды суулардын таасиринен топурагы нымдалып, урай баштаган.
"Окуянын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес. Учурда курулуш компаниясы тарабынан котловандын ураган бөлүгүн калыбына келтирүү, капталдарын кошумча бекемдеп, тирөөч конструкцияларды кайра орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аст Билдинг" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди",-деп айтылат маалыматта.