Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат - мэрия

Коом Загрузка... 03 Март 2025 16:45
IMG_9965.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда орточо электр кубаттуулугу – 452 МВт, отундун суткалык керектөөсү (көмүр) – 7,572 миң тонна, жылуулук энергиясын өндүрүү – 9, 725 миң Гкал. ⠀

Ошондой жле 8 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы менен 4 турбиналык агрегат, №3 жана 4 блоктору иштеп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата ЖЭБдин кампасында калган отун -132,532 миң тонна көмүрдү түзөт. Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Жалпысынан көмүр 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинин аягына чейин белгиленген график боюнча берилет.

"Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири өндүрүүчү ишкана болуп саналат жана Кыргызстандын борборунун тургундарын жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуулук менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт",-деп айтылат маалыматта.