Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бишкекте 25-мартта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. Анда эки күндөн кийин жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.
Белгиленгендей, күз-кыш мезгилинин жүрүшүндө бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылышты.
"Эми муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлө",-деп айтылат маалыматта.