Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Ведомстводон маалымдашкандай, рейддик салык контролу күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого жана аны токтотууга, ошондой эле КММны сатуу чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө сатылып жаткан күйүүчү майдын колдонуудагы мыйзам талабына ылайык белгиленген маркасынын бар же жок экендиги көзөмөлдөнөт.
Эскерте кетсек, эгерде күйүүчү майдын маркасынын жок экендиги аныкталса, жеке жана юридикалык жактар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана башка нормативдик-укуктук актыларга ылайык чараларды көрүүгө алып келет.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын базарынын бардык катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого, күйүүчү майды өз убагында маркалоого жана ишмердүүлүгүн укуктук талаада жүргүзүүгө чакырабыз.