Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплекси жакында пайдаланууга берилет

Спорт Загрузка... 03 Апрель 2025 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрөгасы Адылбек Касымалиев мэр Айбек Жунушалиев менен бирге “Алга” спорт комплексинин аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, долбоор "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери тарабынан иштелип, эл аралык стандарттарга, анын ичинде УЕФАнын талаптарына жооп берет. Курулуш иштери 2024-жылдын 20-майында башталган. Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде дээрлик бардык объектилер тургузулду.

Курулуш нормалары, стандарттары жана технологиялары бузулган жок, деп билдирди борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев министрлер кабинетинин төрөгасына.

Спорт комплексинин негизги аянтынын үстү табигый. Жарыктандырылган. Башкы арена 6 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. VIP зал каралган. Негизги аянттын жанында кошумча спорттук инфраструктура да курулган.

“Эл аралык стандарттарга ылайык, дагы эки машыгучуу аянт болушу керек. Трибуналардын ичинде кенен кеңсе орундары бар. Бул класстар, чечинүүчү бөлмөлөр, судьялар үчүн бөлмөлөр жана допинг борбору. Чет өлкөдө келген спортчулар үчүн жакын жерде 142 орундуу мейманкана курулуп жатат. Анда спортчуларга керектүү нерселердин баары болот. Мейманкана бир эле учурда 6 футбол командасын кабыл ала алат. Командалардын курамы азыраак болсо, ал 12 команданы батыра алат. Комплекстин жанында жабык типтеги спорттук-эс алуу комплексинин курулушу аяктап жатат. Мини-футбол, баскетбол, волейбол, күрөш, бокс жана башка спорттун түрлөрү боюнча каалаган мелдештерди өткөрүүгө болот”, - деди Урмат Карыбаев.

Карыбаев белгилегендей, учурда курулуш иштеринин 85%ы аяктады. Ал эми мейманкананын, амфитеатрдын , кафенин курулушу жүрүп жатат. Жакынкы арада “Алга” спорт комплекси пайдаланууга берилип, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Объект менен таанышкан соң Адылбек Касымалиев бир катар тапшырмаларды берди.