Бишкек-Ош жолунда жол белгилери жаңыртылууда

Аймак Загрузка... 26 Март 2025 11:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жол белгилери тазаланып, айрымдары жаңы орнотулууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда жол инспекторлору Бишкек-Ош унаа жолундагы жол белгилерине жана кооптуу абалдарына жеринен кароо иштерин жүргүзүшүүдө.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү кызматтарга сунуштар берилип, анын алкагында жаңы жол белгилер орнотулуп, чаң басып көрүнбөй калган жол белгилер жуулуп, тазаланууда.