Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Бишкек – Ош жана Өзгөн – Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Анын ичинен:
- 11 жеңил типтеги дүкөн;
- 5 чарбалык товарлар дүкөнү;
- 6 тез тамактануучу жай;
- 3 чач тарач.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.