Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Бишкек – Ош жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 15:43тө Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 127-чакырымында ("Төө-Ашуу" ашуусу) кар көчкү түшүп, жол каттам жабылгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жерине тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо-кен куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мабилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 2 куткаруучу, №9 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч тартылды. Ал эми Сосновка постунан ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан саат 16:03тө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Унаа жол саат 16:39да толук тазаланып, эки тараптуу ачылды. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 370 чарчы метрди түздү.