Бишкек – Ош – Бишкек багытындагы авиабилеттин баасы 7600 сомго чейин төмөндөдү

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 15:15
WhatsApp_Image_DErzT7M.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча баалар 8820 сомдон 7600 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы убакта бул каттам боюнча баалар кескин кымбаттаганы жөнүндө маалыматтар келип түшкөн. Ошондой эле социалдык тармактарда бул маселе көтөрүлгөн.

Айбек Мамыралиевдин айтымында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында ички каттамдарды жүргүзгөн авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Анда авиабилеттердин тарифи, авиакеросиндин баасынын таасири жана билеттерди сатууда колдонулган үстөк акылар талкууланды.

“Тиешелүү маалыматтарды алып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында эскертмелерди бердик. Биз май айындагы он күндүк эс алууда ички каттамдарды көзөмөлдөп, негизсиз жогорулоосуна жол бербөө максатында иш-чараларды өткөрдүк. Ички каттамдардагы баалар боюнча иликтөөбүздү жүргүзүп жатабыз. Ал боюнча кошумча маалымат беребиз”, - деди ал.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда айтылган 10 миң сомдук баалар тастыкталган эмес.

Бүгүнкү күндө кызмат тарабынан авиакомпанияларга баа боюнча макулдашуу түзүү сунушталды. Мыйзам бузуу аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.