Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бороон басылбай, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 500-544-чакырымдар аралыгында (Ат-Башы району) жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болууда. Аймакты караган № 957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштерин тынымсыз аткарып жатышат. Каттам бар.
Белгилей кетсек, катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылып, каттам үчүн үчүн кыйынчылык жаратууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.