Бишкек мэриясында жаңы дайындоолор орун алды

Кадрлар жана дайындоолор 12 январь 2026 18:05
Бишкек мэриясында жаңы дайындоолор орун алды
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору болуп Каныбек Жолчубеков дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору кызматын аркалаган.

Ал эми Жоомарт Шамканов "Дельфин" адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.