Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. 23-августтан тарта “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Ташкент – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу эл аралык авиакаттамды ишке киргизет. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, Кыргызстан менен Өзбекстандын борбор калааларынын ортосунда ыңгайлуу жана үзгүлтүксүз аба байланышын камсыздайт.
Компаниядан белгилешкендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү Бишкек – Ташкент багыты менен гана чектелбейт. Буга чейин “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясынын жетекчилиги Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин делегациясы менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы каттамдардын географиясын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.
Учурда төмөнкү жаңы багыттарды ачуу каралууда:
- Бишкек – Самарканд – Бишкек;
- Бишкек – Үргөнч – Бишкек.
“Бул долбоорлордун ишке ашырылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик алмашууну кеңейтүүгө, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты жана өз ара туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деп айтылат маалыматта.