Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Кытайдын Үрүмчү шаарынын мэринин орун басары Шэнь Линь баштаган илимий-техникалык делегациянын жолугушту.
Мэриядан маалымдашкандай, анда тараптар Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча илим, заманбап технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар аталган багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын өкүлдөрү кызматташтыктын келечегин мындан ары талкуулоо үчүн Үрүмчү шаарына чакырылды.
Мындан тышкары, билим берүү жана жаштардын тажрыйба алмашуусу боюнча маселелер каралды. Бишкек Үрүмчү шаарына Бишкек шаарынын жаштар делегациясынын жакында болгон сапарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун катышуучулары мындай алмашууларды улантуунун жана эки шаардын жаштарынын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.