Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары жеке менчик үйлөрүнө экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, насыя беш жылга чейинки мөөнөткө 1 млн сомго чейин берилет. Каражат заманбап, энергияны үнөмдөөчү жылытуу жабдууларын, анын ичинде жылуулук насосторун сатып алууга жана орнотууга багытталат. Каржылоо “АБанк”, “Элдик Банк” жана “Бакай Банк” аркылуу жүргүзүлөт.
Долбоор жеке сектордо көмүр жагуудан чыккан зыяндуу заттарды азайтып, абанын сапатын жакшыртууга жана смогго каршы күрөшүүгө багытталган.
Андан сырткары 24-августта Маевка айылында аталган насыя программасы боюнча тургундар үчүн маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү. Ага Бишкектин Биринчи май районундагы 15тен ашык конуштун, анын ичинде Ак-Босого, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Тынчтык, Аска-Таш жана башка аймактардын жашоочулары катышты.
Жолугушууда аларга мамлекеттик жеңилдетилген насыянын шарттары жана карыз алуучуларга коюлган талаптар тууралуу маалымат берилди. Тургундар жабдуунун баасы, орнотуу жана техникалык талаптар боюнча суроолоруна жооп алышты.