Бишкек мамлекеттик университетинин ректорлугуна сынак жарыяланды

Коом 7 февраль 2025 16:16
Бишкек мамлекеттик университетинин ректорлугуна сынак жарыяланды

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызмат ордуна сынак жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна тандоо өткөрүүнү жарыялайт.

Белгилей кетсек, тандоого 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.

Толук маалымат бул тиркемеде https://edu.gov.kg/announcements/518/