Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин окумуштуулар кеңеши ректорлукка үч талапкерди бекитти.
Университеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков, чет тилдер кафедрасынын башчысы Марина Юрченко жана Марат Кудайкулов.
Сергей Волков 2024-жылдын октябрынан бери Кыргыз-Орус Славян университинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келет.
Волков Г.И. Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин “Кара жана түстүү металлдарды куюу” өндүрүшү адистиги боюнча техника илимдеринин кандидаты жана 25тен ашык илимий эмгектердин автору. Ошондой эле, университеттин инфраструктураны өнүктүрүү боюнча проректор жана стратегиялык өнүктүрүү жана экономика боюнча проректор.
Волков окуу жайга келгенге чейин Москва мамлекеттик университетинин да ар кандай жетекчилик кызматтарында иштеген.
Ал эми Марина Юрченко Кыргыз-Орус Славян университинин чет тилдер кафедрасын 2017-жылдын сентябрынан бери жетектеп келет. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент 1994-жылы университет негизделгенден бери калыптанып калган салттарды улантып, кафедранын өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Үчүнчү талапкер Марат Кудайкулов тууралуу маалымат ачык булактарда жок.
Үч талапкер тең жакынкы күндөрү өтө турган университтетин ректорлугуна сынактык тандоого катышат.