Орунбеков билим берүү министринин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты төгүндөдү

Загрузка... 02 Апрель 2025 12:33
378594860_6570759483004437_8780757188363825984_n.jpg
copyright icon Дайырбек Орунбековдун өздүк архивинен

Бишкек 02.04.25 /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын кызматтан кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

"Социалдык тармактарда министр Догдургүл Кендирбаева кызматынан бошотулду деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Айрым мекендештерибиз бул маалыматка ишенип, аны таратууда. Төмөндөгү документ - фотомонтаж жана министр кызматтан бошотулду деген маалымат жалган", - деп жазды ал.