Бишкек-Кант-Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды

Коом 2204 24 Март 2025 11:40
481244054_964198659222214_2558358035644691983_n.jpg
480967361_964198655888881_6967070946580768834_n.jpg
486058372_964198652555548_6101849691118602270_n.jpg
Алдыга
Артка
481244054_964198659222214_2558358035644691983_n.jpg
480967361_964198655888881_6967070946580768834_n.jpg
486058372_964198652555548_6101849691118602270_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Бишкек-Кант-Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталып, азыркы тапта жолдун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө жер жумуштары жүрүүдө.

Муну менен катар, курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынууда.

Белгилей кетсек, 3,85 чакырымга созулган жолдун бул бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

"Алдыда Бишкек-Кант-Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот. Азыркы тапта аталган унаа жолдун 14,5 км (9,05-23,55 чакырымдар аралыгын) долбоорлоо иштери аткарылууда",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкек-Кант -Токмок жолунун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө пландалып, долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.