Бир жумада 395 айдоочу мас абалда унаа башкаргандыгы аныкталды

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 12:50
700103431_128692497.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. 24-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча 23 миң 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 788;
  • мас абалында унаа башкаруу – 395;
  • унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 240;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 803;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 793;
  • авто ээнбаштык – 25;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 500;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 10;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 461;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 164 унаа айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.