Бир катар мамлекеттик кызматкерлерге класстык чендер тапшырылды

Министрлер кабинети 03 Октябрь 2025 17:35
68dfb018a12c3-thumb.jpg
68dfb0037d992-thumb.jpg
68dfb13a1e9fb-thumb.jpg
68dfb0035e4d1-thumb.jpg
68dfb0035e4de-thumb.jpg
68dfb00387113-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68dfb018a12c3-thumb.jpg
68dfb0037d992-thumb.jpg
68dfb13a1e9fb-thumb.jpg
68dfb0035e4d1-thumb.jpg
68dfb0035e4de-thumb.jpg
68dfb00387113-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев президенттин жарлыгына ылайык, бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге “3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси” класстык ченин тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик кызмат бул коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы, элдин ишенимине татыктуу болууга умтулуу экенин баса белгиледи.

“Бул жогорку деңгээлдеги класстык чендер ар бир мамлекеттик кызматкер үчүн чоң жоопкерчилик менен коштолгон кесипкөйлүктүн, тажрыйбанын жана ак ниет эмгекке мамлекеттик баа берүүнүн таанылышы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасы – бул эл алдындагы зор жоопкерчилик. Ар бир чиновник – бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө, ал эми ар бир кабыл алынган чечим – өлкөнүн келечегине таасир этүүчү кадам”, - деди Адылбек Касымалиев. Ал класстык чиндердин ээлерин бул окуя менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана эмгек ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.