Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Өлкө аймагында 17-июлдан 23-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4 619;
- Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 429;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 222;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 924;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 451;
- Автоээнбаштык — 22;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1226;
- Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 11;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8614.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 217 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.