Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга иш сапары менен келди

Коом 2566 03 Май 2025 20:10
IMG_5704.jpeg
IMG_5700.jpeg
IMG_5702.jpeg
IMG_5703.jpeg
IMG_5705.jpeg
IMG_5706.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5704.jpeg
IMG_5700.jpeg
IMG_5702.jpeg
IMG_5703.jpeg
IMG_5705.jpeg
IMG_5706.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттик администрациянын маалымат кызматы

Бишкек, 03.05.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда, Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев сый-урмат менен тосуп алды.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышуу мерчемделген.