Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

Президент 5875 03 Май 2025 23:35
IMG_20250503_233155_557.jpg
IMG_20250503_233155_054.jpg
IMG_20250503_233154_915.jpg
IMG_20250503_233206_064.jpg
IMG_20250503_233155_626.jpg
IMG_20250503_233155_701.jpg
IMG_20250503_233154_854.jpg
IMG_20250503_233155_229.jpg
IMG_20250503_233154_813.jpg
IMG_20250503_233154_973.jpg
IMG_20250503_233155_467.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250503_233155_557.jpg
IMG_20250503_233155_054.jpg
IMG_20250503_233154_915.jpg
IMG_20250503_233206_064.jpg
IMG_20250503_233155_626.jpg
IMG_20250503_233155_701.jpg
IMG_20250503_233154_854.jpg
IMG_20250503_233155_229.jpg
IMG_20250503_233154_813.jpg
IMG_20250503_233154_973.jpg
IMG_20250503_233155_467.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 3-майда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданий борбордун аймагына кыскача экскурсия жасатып, анын ачылуу тарыхын айтып берди.

Андан соң концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.

Комплексти кыдыруу учурунда ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга улуттук музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды.

Андан кийин улуттук даамдар тартууланып, меймандар максым, куруттан ооз тийишти. Чанпэн Чжао суктануусун билдирип, улуттук ашканабыздын өзгөчөлүгүн белгиледи.

Эртең, 4-майда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат.