Билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети 08 Февраль 2025 11:01
shho-take-aspirantura-i-navishho-t.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
img_0822_730x0_730x0 (1).jpeg
Алдыга
Артка
shho-take-aspirantura-i-navishho-t.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
img_0822_730x0_730x0 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 08.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинети жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрлер кабинетинин бул токтомунун долбоорунун максаты жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо болуп саналат жана анын негизинде мамлекеттик орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасына алардын жүгүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жолу менен менен азайтуу болуп саналат.

Ваучердик каржылоо механизми каражаттар уюмдун жалпы муктаждыктарына эмес, түздөн-түз студенттерди окутууга жумшалат деп болжолдойт.

Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо Баткен облусунда жайгашкан жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жайылтылбайт.